Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Италияда жер титирөөдө алты киши ажал тапты


Акыркы маалыматтар боюнча, Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья облусунда жекешемби күнү болгон жер тербетүүдө алты киши набыт болду. Алты баллга жеткен зилзалада ондогон адамдар жараат алды. Табигый кырсыктан көптөгөн турак жайлар, анын ичинде ишканалар, тарыхый имараттар, чиркөөлөр зыян тартты. Болонья, Феррара, Верона жана Мантуя шаарларында жер кайра силкингени маалымдалды. Франсс пресс агенттигинин кабарлашынча, эки аял коркуп көз жумган. Алардын бири жүзгө чыгайын деген байбиче.

XS
SM
MD
LG