Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Бишкекте БУУнун баяндамачысынын сунушу талкууланат


Бүгүн Бишкектеги Хаятт мейманкасында БУУнун атайын баяндамачысы Хуан Мендестин Кыргызстанда кыйноолор боюнча баяндамасы жана сунушу талкууга алынат. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Бишкектеги башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, талкууга атайын баяндамачы Хуан Мендес өзү катышат. Мындан тышкары тегерек үстөлгө бир катар министрликтердин, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү чакырылган.

БУУнун баяндамачысы Хуан Мендес өткөн жылдын 5-декабрынан 13-декабрга чейин Кыргызстанда болуп, бир катар жабык жайлардын абалы менен таанышып кеткен. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча март айындагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстанда камактагыларга карата зомбулукту алдын алуу үчүн мыйзамдарды жакшыртууга чакырган. Мындан тышкары өлкөдө күнөөнү күчтөп моюнга алдырган учурлар арбын экенин белгилеп, кыйноо фактылары боюнча түшкөн арыз дооматтарды тез арада териштирүүгө үндөгөн.

Бүгүнкү тегерек үстөл Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү жана бир катар укук коргоо уюмдарынын демилгеси менен өткөрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG