Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кыргызстанда Facebook колдонуучулары 14 миңге өстү


Интернеттеги социалдык түйүндөрдү анализдеген socialbakers.com сайтынын маалыматы боюнча, соңку алты айдын ичинде Кыргызстанда Facebook колдонуучуларынын саны 14 миң 200гө көбөйдү. Натыйжада бул социалдык түйүндүн Кыргызстандагы жалпы колдонуучуларынын саны 70 миңден ашты. Соңку маалыматка ылайык, кыргызстандык Facebook колдонуучулардын 72 пайызын 18 жаштан 34 жашка чейинкилер түзөт.

“Фейсбукчулардын” саны Орусияда кеминде 5,5 миллион, Казакстанда 410 миң, Өзбекстанда 120 миң, Тажикстанда 31 миң адамды түзүүдө. Дүйнө жүзүндө Facebook колдонгондордун саны бир миллиардга жакындап калды.

Ушул эле аптада Facebook компаниясынын акциялары “Насдак” биржасында сатыкка коюлду. Анда түйүндүн баасы 104 миллиард долларга бааланды. (KKs)

XS
SM
MD
LG