Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Бишкек: Павлюктун эстелигин уурдап кетишти


Бүгүн таңга жуук Бишкекте маркум журналист Геннадий Павлюктун эстелигин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Милиционерлер эстеликтин ордунан 50 метрдей алыс жерден анын сыныгын табышты. "Кылмышкерлер эстеликти бетондон сууруп алып, К.Баялинов атындагы китепкана менен мурда "Дело№" гезитинин редакциясы жайгашкан имараттын ортосунан алып өтүшкөн окшойт. Издөө иштерин Биринчи Май райондук башкармалык жүргүзүп жатат", - дешти ИИМден.

Колодон жасалган эстелик 2010-жылдын 8-октябрында орнотулган болчу. Геннадий Павлюкту 2009-жылы буту-колун тушап Алматыда көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен. Алты күндөн кийин ал өзүнө келе албай ооруканада көз жумган. Күнөөлүүлөр сот жазасына тартылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG