Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Сасыкбаева: Павлюктун эстелиги сатуу үчүн уурдалды окшойт


"Павлюктун эстелигин сатуу максатында эле уурдап кетишти окшойт", - деген оюн билдирди "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева. Депутат айым бул окуя сөз эркиндигин даңазалаган Кыргызстандын атына шек келтирчү факт болуп калды деп эсептейт.

Павлюктун эстелигин бүгүн таңга жуук уурдап кетишти. Кылмышкер кармала элек. Аны "Ата Мекен" партиясы 2010-жылы октябр айында тургузган болчу. Колодон жасалган эстеликтин салмагы 250 килограмм экени айтылган. Бишкекте түстүү металл сатып алуучулардын айтымында, колонун бир килограммын 150 сомго сатса болот.

Оппозициячыл маанайдагы журналист Геннадий Павлюкту 2009-жылы буту-колун тушап Алматыда көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен. Алты күндөн кийин ал өзүнө келе албай ооруканада көз жумган. Күнөөлүүлөр сот жазасына тартылышты. (BkA/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG