Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Ош облустук милиция имаратына видеобайкоо орнотулат


Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жайгашкан имаратка видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте кыйноолорго каршы жыйында ИИМдин илим изилдөө борборунун жетекчиси Шамшыбек Мамыров билдирди. Видеобайкоо милиционерлердин ишинин ачыктыгын камсыз кылып, кыйноолорго бөгөт коет.

Хаятт мейманканасында бүгүн Кыргызстандагы кыйноолор маселесине арналган жыйын өтүп жатат. Ага БУУнун атайын баяндамачысы Хуан Мендес катышууда. Талкууга катышкан укук коргоочу, адвокаттардын айтымында, өлкөдө жабык жайларда камалгандарды кыйноо фактылары көп. Айрыкча бул проблема Ош облусунда күч экени айтылууда.

Эл аралык эксперттер Кыргызстанда укук коргоочулардын аракети менен кыйноолорду алдын алуу боюнча жакшы иштер жасалууда, бирок маселе курч бойдон. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG