Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Коргоо министрлигинин сайты оңолду


Кыргызстандын Коргоо министрлигинин интернеттеги расмий сайты кайрадан иштеп калды.

Буга чейин сайт бир нече саат иштебей жатты. Башкы беттен кийин эле аталган сайтта кокаин деп окулган англисче түшүнүксүз жазуулар турду.

Министрликтин маалымат кызматы сайтта профилактикалык иш жүргүзүлүп жатканын, ага министрликтин тиешеси жок экенин, техникалык мүнөздөгү бул ишке хостинг компаниясы жооптуу экенин “Азаттыкка” билдирген. Ал эми айрым маалымат булактары сайт хакерлердин чабуулуна дуушар болду деп жазып чыгышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG