Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Багышбеков: Жыл башынан бери кыйноо боюнча 33 факт катталды


Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери адамдардын күч кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылышы боюнча 33 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте кыйноолорго каршы эл аралык жыйында “Эркиндик үнү” коомдук фондунун жетекчиси Сардар Багышбеков билдирди. Анын айтымында, кыйноолор айрыкча милициянын убактылуу кармоочу жайларында көп катталууда. 2010-2011-жылдары камалгандардын кыйноого кабылганы боюнча 300дөй факт болгон.

Бүгүн Бишкекте өткөн жыйынга БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендес катышты. Укук коргоочулардын аракети бар экени, бирок кыйноолор, айрыкча абактарда, дагы эле тыйылбай жатканы айтылды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG