Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кытайга алтын кошулмасын ташуунун бети ачылды


Чоңалайлыктар буга чейин алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүү талабы менен чыгышкан эле. 11-август, 2011.
Чоңалайлыктар буга чейин алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүү талабы менен чыгышкан эле. 11-август, 2011.

Башкы прокуратура Чоң-Алайдагы алтын кендеринен ири көлөмдөгү алтын кошулмаларын Кытайга мыйзамсыз ташуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул ишке жогорку даражадагы үч аткаминер жана аталган алтын кенин изилдөөчү кытайлык компаниянын жетекчиси катышы бар экени шектелүүдө. Башкы прокуратура алардын аты-жөнүн тергөөнүн купуялыгына негиздеп ачыка чыгара элек.

Алтын кошулмасын айырбаштагандар

Башкы прокуратура Чоң-Алайдагы алтын кендеринен 3400 тонна алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кеткен фактынын бетин ачты. Буга байланыштуу аткезчилик, шалаакылык жана ишенип тапшырылган мүлктү мыйзамсыз сарптоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Геологиялык чалгындоо жүргүзгөн кытайлык компаниянын ири көлөмдө алтын кошулмасын өлкөдөн чыгарып кетүүсүнө бажы кызматынын, геология агенттигинин жана каржы министрлигинин жооптуу кызматкерлери көмөктөшкөн.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиев кылмышка шектүүлөрдүн бири азыр да министрдин орун басары экенин айтып, алардын ысымдары айыбы угузулгандан кийин гана жарыяланаарын белгиледи:

- Мына ошол аткаминерлер кол койгон документтердин негизинде иш козголду. Алардын бири геология агенттигинде, экинчиси каржы министрлигинде болсо, акыркысы бажы кызматында иштеп турган учурунда мына ошол ишке барышкан деген шек бар. Азырынча тергөө жүрүп, алар сурак берип жатат. Айыбы угузулгандан кийин гана алардын баш коргоо чарасы каралат.

Эски “схеманын” изи менен

Чоң-Алайда “Интербизнес”, Asia Gold Enterprise, “Аксы-Алтын” “Кайди” жана “Бей Фант Цзь Юань” компаниялары геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Алар геологиялык изилдөө үчүн аз өлчөмдөгү алтын кошулмаларын сыртка ташууга 2007-жылы уруксат алышкан. Бирок ошол эле кезден баштап алардын айрымдары алтын кошулмасын ири өлчөмдө Кытайга ташый башташкан.

Тоо-кен өндүрүшчүлөр биримдигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев мурдагы бийликтин тушунда иштелип чыккан мына ошол коррупциялык схема азыр деле күчүндө экенине токтолду:

- Бул жердеги иштин төркүнү мына ошол бай алтын кошулмаларын таап, бирок аны өлкөдөн чыгарып кетүүгө ыңгайланышып алышканында. Бул схема Максим Бакиевдин тушунда кеңири жайылтылган. Бирок ошол кездеги бийлик жок болгондугуна карабастан ал нерсе дагы деле гүлдөп жатат. Биз өкмөткө мына ошол сыртка ташып барып, изилдөө жүргүзүүгө уруксат берүүнү жокко чыгаргыла дей берип тилибиз тешилди. Уккан эч ким жок. Демек азыркылардын ичинен дагы кимдир бирөөсүнүн кызыкчылыгы бар окшоп калды.

Белгисиз белгилүүлөр

Коомчулукта бул иш боюнча кылмышка шектүүлөрдүн ысымдары ачык жарыяланбай жатканы шек жаратууда. Мындан улам бул ишке өкмөттүк деңгээлдеги чоң жетекчилер аралашкан деген күмөн саноолор күчөдү. Ошондуктан кылмышка шектелгендер белгисиз бойдон калып, иштин өзү өндүрүштөн кыскара турган болсо, анда чуулгандуу бул иштин артында бийликтегилер тургандыгынан кабар берет дешет серепчилер.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев алтынга байланыштуу иште чоң жетекчилердин сөзсүз тиешеси бар деп эсептейт:

- Мына ошол кол койуп берди деген орун басарлардын башы экөө эмес. Алар өздөрүнүн чоң жетекчилери менен макулдашпастан туруп, мындай ишке бара албайт болчу. Бул маселе сөзсүз министр менен кошо жасалат. Министр өз кезегинде бул тууралуу сөзсүз премьер-министрди кабардар кылып, анан мындай иштерге барат. Бул жерде мына ошол коррупциялык байланыш иштеген десе туура болот. Буга эми мыйзамдын талабынын жумшактыгы да негиз берген.

Башкы прокуратура жакында кылмышка шектүүлөргө айыбы угузула турганын белгиледи. Ошондой эле бул иш боюнча учурда төрт адам шектүү катары өтүп жатса, анын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылды. Тергөө органдары алардын арасында министрдин деңгээлиндеги жетекчилер болуп калышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.
XS
SM
MD
LG