Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Йемендеги булоонду айыптады


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Йемендеги террордук жардырууну айыптап, Санада жанкечти жасаган кызыл кыргынды “актоого болбос кылмыш” деп атады. Дүйшөмбү күнү Йемен президентинин сарайы алдында жанкечти жардырган бомбадан жүздөй аскер курман болуп, үч жүзгө жакын адам жараат алган. Бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” өзүнө алды.

Коопсуздук Кеңеши террорчулукту бүгүнкү замандын эң олуттуу коркунучу деп атап, ага каршы чечкиндүү күрөшөрүн билдирди. Санадагы жардыруу Йемендин жаңы президенти Мансур ал-Хади бийликке отургандан берки эң чоң террордук акт болду. Чабуулду БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

XS
SM
MD
LG