Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Элчилик: Москвада калайман кагылыш болгон эмес


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада кыргыз жарандары менен өзбек атуулдарынын ортосунда калайман кагылыш болбогонун билдирүүдө. Элчиликтин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, эки күн мурда Кыргызстандын 20 жаштагы Абдылда Кудайберди уулу аттуу жараны менен азырынча аты-жөнү тактала элек бир өзбек атуулунун ортосунда гана карама-каршылык чыккан. Алар соода кылуучу жайды бөлүштүрө албай чатакташып кетишкен. Улуттар аралык карама-каршылыктын алдын алуу үчүн Москвадагаы тартип коргоо кызматкерлери жалпы жетимиштен ашык кыргыз, өзбек, тажик улутундагы адамдарды кармап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Уруша кеткен эки адам болсо ооруканага жеткирилген.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Москва шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандан келген мигранттардын ортосунда массалык мушташ орун алганын жазып чыгышкан болчу. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG