Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Жоголгон кытай студенти Токмоктон табылды


Бишкекте жоголду делген кытайлык студент кыз аман-эсен Токмоктон табылды. Аны уурдап кетти деген шек менен үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкектин ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Ал жоголуп кетти деп милицияга эжеси кайрылган. Кытайдын жараны Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окуйт. Уурдап кеткендер ал үчүн эжесинен 10 миң доллар талап кылышкан. Бирок милициянын жардамы менен куткарылды. (RK)

XS
SM
MD
LG