Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Эл аралык космос станциясына алгачкы жеке менчик кеме учурулду


Америкалык SpaceX компаниясы жүк ташуучу “Ажыдаар” кемесин эл аралык космос станциясына жеткирүүчү “Фалькон” ракетасын бүгүн экинчи аракеттен кийин ийгиликтүү учурду.

Учуруу АКШнын космос агенттиги – НАСАнын Канаверал кысыгындагы космос борборунан ишке ашырылды.

Эгер иш толугу менен ийгиликтүү аяктаса, калифорниялык компания тарыхта Эл аралык космос станциясына кеме учурган алгачкы жеке менчик фирма болот.

“Ажыдаар” кемесинин Эл аралык космос станциясы менен тогошуусу жума күнгө мерчемделген. (UE)

XS
SM
MD
LG