Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Башкы прокуратура Абековдун билдирүүлөрүнө көңүл бурат


Бул туралуу бүгүн “Азаттыкка” башкы прокурор Аида Салянова айтты:

- УКМК ишти сотко өткөрөрдө аны сотко даяр-даяр эместигин сөзсүз карап, баа берип, анан өткөрөбүз. Бирок биз ал азыр айтып аткан кээ бир фактыларын деле окуп, карайбыз.

Учурда дээрлик жарымына өкмөт ээлик кылган “Мегаком” уюлдук операторуна коррупциялык схемалар аркылуу 142 миллион сомдон ашуун зыян келтирген,
6 миллион долларды офшордук аймакка чыгарган деген шек менен камакта отурган үч адамдын бири, компаниянын баш директорунун мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абеков кечээ коомчулукка тараткан кайрылуусунда тергөө абагында ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Өзүнүн ак экендигин айтып, бир катар жүйөлөрүн келтирип, башкы прокурордун орун басары козголгон кылмыш ишти жакшылап иликтебестен эле бекитип койгонун белгилеген.

Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун бүгүн “Азаттыкка” айтканына караганда, анын кардары тергөө абагындагы ачкачылыгын улантууда.

Адвокат Айткулов ошондой эле Абековдун президентке жана коомчулукка багыттаган кайрылуулары ачыкка чыккандан кийин анын камерасында тинтүү жүрүп, калем-дептерлери алынганын, бул факт боюнча да Башкы прокуратурага арыз жолдонорун кошумчалады.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиевдин өткөн аптада парламентте айтканына караганда, “Мегаком” боюнча кылмыш иштер сотко ушул айдын соңунда өткөрүлөт. (UE)

XS
SM
MD
LG