Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

АКШ жана Йемен “ал-Каидага” сокку уруларын убада кылышты


Мындай убадалар кечээ Йемендин борборунда жанкечтинин чабуулунан 96 аскер өлүп, 300дөй жаракат алгандан кийин жасалды.

Йемен армиясынын Башкы штабынын жетекчиси Али ал-Ашвалдын айтымында, анын өлкөсү “ал-Каидага” каршы күрөштү басаңдатпастан улантат.

Йемендеги кечээги кол салууну Батыш өлкөлөрү айыптап, АКШ президенти Барак Обама “ал-Каиданын” араб жарым аралындагы бөлүмүн талкалоодо Вашингтон Йемендин өкмөтү менен кызматташарын убада кылды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG