Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

АКШ: Беларустун Credex банкы мыйзамсыз иштерге аралашкан


АКШ Беларуста жайгашкан Credex банкын “арам акчаларды адалдаштырат” деп күнөөлөдү. АКШнын Каржы министрлигинин билдиришинче, Credex банкы “чоң суммадагы акчаны жалгама компанияларга которууга катышкан жана банкка жасалма компаниялар ээлик кылганын тастыктаган далилдер бар”. Министрлик Американын финансылык мекемелерине береги банк менен иштөөгө тыйуу салууну жана анын эсебин жабууну сунуш кылды.

Credex 2001-жылы түзүлгөн жана азыр Беларустагы 31 коммерциялык банктын ичинде чоңдугу боюнча 22 орунда турат. Анын Чехияда бөлүмү бар жана Орусиянын, Латвиянын, Германиянын, Австриянын банктары менен иштешет.

XS
SM
MD
LG