Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Парламент кайрадан апрел-июн окуяларын талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2010-жылдын апрел-июн окуяларына байланыштуу парламент токтомунун аткарылышы талкууланат. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, баш прокурор Аида Салянова, УКМК төрагасы Шамил Атаханов, президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү, тартип коргоо кызматкерлери, министрлер, облус губернаторлору катышат. Мындан тышкары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилиги да депутаттардын суроолоруна жооп берет.

Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы кандуу окуяларды соңку кез феврал айында талкууга алган. Анда депутаттар апрел-июн окуяларынын кесепеттерин жоюудагы жана күнөөлүүлөрдү кармап жазалоодогу аткаруу бийлигинин ишин канааттандырарлык эмес деген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG