Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Журтташтар мигрант кыздарды мазактагандарды жазалоого чакырат


Чет өлкөдөгү кыргыздар Орусияда кыргыз кыздарын мазактап, ур-токмокко алгандарды жазалоого үндөөдө. АКШнын Чикаго шаарында кыргызстандык демилгечи топ “Азаттыкка” кабарлагандай, аталган маселе боюнча кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге кат жолдоо үчүн кол топтоп жатышат. Мындан тышкары демилгечилер интернетте жарыяланган видеолор боюнча дыкат иликтөө жүргүзүүнү сунушташууда:

“Биз кыргызстандык мигрант кыз-келиндерге болгон зордук-зомбулукту расмий жана ачык териштирүүгө, аялдарга каршы күч колдонууну кылмыш деп жарыялоого чакырабыз”, - деп жазылат билдирүүдө. Маалыматка ылайык, демилгечи топтун басымдуу бөлүгүн кыздар түзөт.

Буга чейин Орусияда иштеп жаткан кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап, ур-токмок менен суракка алган бир нече видео интернетке жарыяланган. Аны уюштургандар кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу экени кабарланган. (KE/KKs)

XS
SM
MD
LG