Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жемкордук боюнча 108 кылмыш иши козголду


УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жыл башынан бери жемкордук боюнча 108 кылмыш ишин козгоду. Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул кылмыштардын теңинен көбү түздөн түз коррупцияга байланыштуу болсо, калгандары экономикалык кылмыштар болуп эсептелет. Жемкордуктун айынан жалпысынан 465 миллион сом зыян келген. Алардын 10 миллиону мамлекетке кайтарылган. Учурда козголгон кылмыш иштердин 26сы толугу менен тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.

Былтыр бир жыл ичинде 40 гана кылмыш иш ачылган болчу. Коррупцияга каршы кызмат былтыр декабр айында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG