Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Өзгөчө кырдаалдар министри Чоң-Алайды кыдырды


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган ыкчам топ Ош облусунун Чоң-Алай районунда болуп, элди жана үй-жайды селден сактоо, кырсык кесепеттерин алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты. Көпүрө, дамба, базар, жол маселелери талкууланды. Кызыл-Туу, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Кулчу, Карамык, Кара-Теит, Жекенди айылдарын суу каптоо коркунучу бар экени айтылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG