Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Визасыз каттам тартибин парламент талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңеште “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралат.

Туризм тармагын өнүктүрүүнү жүйөө кармап кыргыз өкмөтү 41 өлкөгө визасыз каттам киргизүү демилгесин былтыртан тарта көтөрүп жатат. УКМК визасыз каттамга уруксат берээрден мурун чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча автоматташтырылган система киргизүү керектигин билдирүүдө. Бирок мындай каттамга уруксат берүүгө каршы пикирлер да айтылып келатат.

Туризм тармагындагы адистердин айтымында, Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө визасыз каттам боюнча маселе чечилгенче коңшу өлкөлөр бул багытта чечимин чыгарып жарыялап койду. Мисалы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 34 өлкө үчүн визасыз режим киргизилип жатканын айтты. Ал эми Тажикстан АКШ, Сингапур, Түркия, Малайзия, Египет жана Европа өлкөлөрү үчүн ушундай режим киргизилгенин жарыялады. (RK)

XS
SM
MD
LG