Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Еврошаркет Грециянын еврону колдонгон зонада калышын жактайт


Евробиримдиктин лидерлери “Греция кредиторлор менен келишилген талаптарды аткарса, еврозонада кала беришин колдойбуз” деп билдиришти. Евробиримдиктин бүгүн эрте менен Брюссселде аяктаган саммитинде шаркетке мүчө 27 мамлекеттин башчылары азыркы оор экономикалык кризистен кайсыл жол менен чыгыш керектигин талкуулашты. Маселе же бюджеттик чыгымдарды кескин кыскартуу же экономиканы өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жолу менен күчөтүү чаралары жөнүндө болуп жатат.

“Греция баары бир мойнуна алган милдеттенмелерди аткара албай, еврозонадан чыгууга аргасыз болот го” деген ой бул талкууда да кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Кабарларга караганда, еврону колдонгон 16 калган жумурият азыр Греция зонадан чыгып калса аткарылышы зарыл болгон иштерге даярдана башташты.

XS
SM
MD
LG