Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Бакыда полиция оппозициянын ондогон тарапкерлерин кармап кетти


Азербайжанда басма сөзгө эркиндикти талап кылып бүгүн демонстрацияга чыккандарды полиция күч менен таркатты. Коомдук телекомпаниянын маңдайында өткөн митингде канча киши кармалганы тууралуу так маалымат айтыла элек. Кармалгандардын арасында Коомдук палата деген оппозициялык кыймылдын эки лидери Гулада Асланли менен Тофик Якублу да бар экени кабарланууда. “Элдик фронт” партиясынан депутат Гозел Байрамли да кармалганы тууралуу айтылган. Азербайжанда ушул күндөрү “Евровидение” ыр сынагы өтүп жаткан учурда оппозиция бир топ митинг-демонстрацияларды уюштура турганын кабарлаган болчу.

XS
SM
MD
LG