Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Кадамжайда журналист менен оорукана чырдашууда


Баткен облусунунун Кадамжай районунун «Эл жарчысы» гезитинин кабарчысы Азамат Абсаттаров дарыгерлер тарабынан коркутууларга кабылууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" журналист өзү билдирди.

Абсаттаровдун белгилешинче, гезитке ал буга чейин райондук ооруканадагы мыйзамсыздыктар, медицина кызматкерлеринин шалаакылык иштери жана коррупция тууралуу макала жарыялаган.

«Макалада адамдын беделине шек келтирилген эмес. Маалыматтар фактылар менен гана коштолгон»,- дейт А.Абсатаров. Ал кошумчалагандай, жетекчилер бул сын макаладан чочулап жаткандыгын жана гезиттин башкы редакторуна да эскертүү беришкендигин билдирди.

Ал эми Кадамжай райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Эркин Аппазов гезиттеги сын макала негизсиз жазылганын, бирок, журналистке карата кысым жөнүндө кабары жок экенин айтты.

Макала 18-майда «Ак халатчан, абайла» деген аталыш менен райондук гезитке жарыяланган. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG