Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Иран менен “Алтылык” тил табышпай жатат


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн келерки айлампасы 18-19-июнда Москвада өтөт. Бул жөнүндө Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон “Алтылык” менен Ирандын Багдадда кечээ аяктаган сүйлөшүүсүнөн соң маалымдады.

Британия, Кытай, Франция, АКШ, Орусия, Германия курамындагы алты өлкө Иранды уранды 20% - атомдук бомбага жарачу деңгээлге чейин байытууну токтотууга чакырууда.

Эштон айым эки арада “олуттуу ажырым” бар экенин белгиледи. Анын жардамчысы Майкл Манндын билдиришинче: "Биз Иран тарап менен ушунча убакыттан бери биринчи жолу Ирандын ядролук программасына тийиштүү реалдуу, конкреттүү, маанилүү суроолорду, анын ичинде уранды 20% чейин байытуу маселесин талкуулай алдык. Бул эл аралык коомчулукту терең тынчсыздандырган суроо".

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG