Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Египетте президенттик шайлоо аяктады


Египетте былтыр февралда Хосни Мубарактын отуз жылдык башкаруусуна чекит коюлгандан берки биринчи президенттик шайлоо аяктады. Элдик козголуштун натыйжасында Мубарак президенттиктен мажбур кеткен. Добуш берүүнүн экинчи күнү - 24-майда шайлоочулар арбын келиши үчүн өлкөдө дем алыш жарыяланды.

Египетте 50 миллион шайлоочу бар. Саясий өнөктүк жалпысынан тынч, чоң чыр-чатаксыз өткөнү кабарланууда. Президенттикке 13 талапкер ат салышты. Алардын ичинде жакындагы парламенттик шайлоодо жеңген исламчылардын өкүлү, дүниябий жана солчул багыттагы саясатчылар бар.

XS
SM
MD
LG