Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Испания 2013-жылы “Евровидение” сынагын өткөрүүнү каалабайт


Испаниянын коомдук телеканалынын жетекчилиги өлкөнүн “Евровидение” сынагына катышып жаткан ырчысын 26-майда Бакыда аяктачу музыкалык фестивалда жеңбөөгө чакырды. Себеби сынакта жеңген ырчынын өлкөсүндө келерки жылкы “Евровидение” музыкалык фестивалы өтөт. Испан ырчысы Пастора Солердин айтышынча, бийкеч Испаниянын ТVE телеканалынын башчылары менен кездешкенде, андан “суранабыз, ишемби күнү жеңбей эле койчу”, - деп суранышыптыр, тамашага чала.

Испан өкмөтү бюджеттин кемтигин жабуу үчүн салыктарды көбөйтүп, социалдык чыгымдарды кыскарткан. “Евровидениени” телеэкрандан 125 миллион адам көрөрү айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG