Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Парламент баш прокурордун жылдык отчетун жактырды


Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында башкы прокурор Аида Салянованын 2011-жыл үчүн отчетун канааттандырарлык деп тапты. Жыйындын жүрүшүндө баш прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берди. Айрым эл өкүлдөрү 2010-жылдагы кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн жазалоо иши чабал жүрүп жатат деп сынга алышты. Баш прокурор Аида Салянова апрел-июн окуяларына тиешеси бар адамдарды алып келүүдө саясий себептер тоскоол болуп жатканын белгиледи. Эки күн мурда “Ата Журт” фракциясынын айрым депутаттары башкы прокурордун ишин канааттандырарлык эмес деп табуу демилгесин көтөргөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG