Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигине коңгуроо кагат


“7-апрел” кыймылынын жетекчиси, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мурдагы президент Курманбек Бакиевди өткөрүп берүү талабы менен бүгүн Беларус элчилигин алдына кайрадан пикетке чыгат. Токтонасыровдун өзү “Азаттыкка” билдиргендей, ал бир нече тарапкерлери менен бирге 25-май - акыркы коңгуроо күнүнө карата, элчиликтин алдына келип, коңгуроо кагат. Жарандык активист бул аракети тынчтык маанайдагы акыркы нааразылык акциясы экенин айтып, Бакиевдин Кыргызстанга берилишин талап кылган тараптар мындан ары радикалдуу кадамдарга барууга даярдыгын билдиргиси келет. 2010-жылдагы апрел окуяларынан кийин бийликтен кеткен президент Курманбек Бакиев Беларустан колдоо тапкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG