Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Беларуста белгилүү адам укугун коргоочуну “сөгүндү” деп камашты


Минскидеги сот кечээ Алех Воучакты “коомдук жайда сөгүнгөн” деп тогуз күнгө абакка кести. Бул тууралуу “Азаттыкка” дагы бир укук коргоочу Раиса Михайловская кабарлады. Воучектин кесиптеши Змитсей Кухлей болсо укук коргоочу полициянын жанында эч кандай жаман сөз айтпаганын билдирди.

Воучак мурда Минск прокуратурасынын тергөөчүсү болуп иштеген. 1990-жылдан кийин адам укугун коргоо иштерине аралаша баштаган эле. Ал “орой, адеп-ахлакка туура келбеген сөздөрдү айтты” деп алгачкы ирет айыпталып жаткан жок. Январда да ал “полицияны сөктү” деп төрт күнгө камалган. Воучактын кесиптештери болсо анын камалышын саясий себептер менне эле түшүндүрүшөт.

XS
SM
MD
LG