Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Ат-Башыда автобус кырсыкка кабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашынча, 25-май түнү Бишкек - Ат-Башы каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган ЛАЗ SЕТRA автобусу кырсыкка кабылды.

Кырсыктан 1993-жылы туулган Шайырова Акбермет аттуу жүргүнчү набыт болгон. Мындан сырткары 5 адам ар кандай жаракат алып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилди.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолунун 335-чакырымында болгон. Учурда жол кырсыгынын себептери аныкталып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG