Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

«Евровидениенин» байгеси Швецияга кетти


Азербайжан борбору Бакы шаарында бүгүн түнү жыйынтыкталган “Евровидение-2012” сынагын 28 жаштагы швециялык ырчы Лорин “Эйфория” аттуу ыры менен жеңип алды. Европадагы 42 өлкөнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Швеция 372 добуш алды. Быйылкы жеңүүчүнүн добушу 2009-жылы норвегиялык Александр Рыбак койгон рекордго сегиз балл гана жетпей калды. Швеция сынак башталгандар бери эле фаворит катары сыпатталып келген. Еврокароонун экинчи орунун 259 добуш менен орусиялык “Бурановский бабушки” тобу алса, үчүнчүнү Сербия ырчысы Желько Йоксимович 214 добуш менен камсыз кылды. Төртүнчү орунга 150 добуш менен Азейрбайжан, бешинчиге 146 добуш алып Албания ээ болду. Бул жолку сынакты дүйнө боюнча 125 миллионго чукул адам көрдү. (KKs)

XS
SM
MD
LG