Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Футбол: "Азаттык" - Стан ТВ 7:3


Бишкекте кичи-футбол боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында биринчиликтин экинчи туру өттү. "Азаттыктын" футболчулары бул сапар Стан ТВ командасын 7:3 эсебинде утуп, үч упай алды. Биринчи турда комадасынын жарымы иш сапарда болуп, "азаттыкчылар" ЭлТР комадасына ири эсеп менен уттурган болучу. Келерки тур 3-июнда. Быйыл Кыргызстан Футбол федерациясы менен спорттук журналисттер федерациясынын демилгеси менен ЖМК арасында чемпионат уюштурулууда. Мелдешке 9 команда катышып жатат. (KE)

XS
SM
MD
LG