Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Сирия козголоңчулар турган жерлерди бомбалоону улантууда


Хула шаарында каза тапкандардын сөөгү.
Хула шаарында каза тапкандардын сөөгү.
Бомбалоо жума жана ишемби күнү борбордук Хомс провинциясындагы Хула деген шаарды аткылоодон 92 адамдын, анын ичинде 32 жаш баланын ажал табышы эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосун жаратканына карабай уланууда.

БУУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, генерал-майор Роберт Муд Дамасктан кабарчыларга буларды айтты:

- Бейкүнөө 32 баланын, көптөгөн эркектер менен аялдардын, өзгөчө балдардын өлүмү - ким баштаганына, ким жооп бергенине, ким кол кабыш кылганына карабай келишүүгө болбой турган кол салуу. Бул - Сирия элинин келечегине жана мүдөөсүнө урулган сокку.

Араб жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Хула шаарындагы окуяны “кыргын” деп аташты.

Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун, БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан Сирия армиясы оор куралдарды колдонууну жана кыянатчылыктарды токтотуусу керектигин белгилешти.

Эркин Сирия армиясынын согушкерлеринин жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, эл аралык коомчулук Сирия бийлигине каршы конкреттүү чара көрмөйүнчө алар мындан ары БУУ колдогон тынчтык планына байланышпайт.

Хула шаарындагы окуяга байланыштуу Араб лигасынын тышкы иштер министрлери жекшембиде чукул жыйын чакырышты.

Бул аралыкта Ирактын коопсуздук күчтөрү Сирия армиясы менен козголоңчулардын чек арага жакын жердеги кагылышынан улам жекшембиде күжүрмөн даярдыкка келтирилди. (UE)

XS
SM
MD
LG