Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Сирия өкмөтү Хуладагы “кыргынга” тиешеси жоктугун айтууда


Хулада каза тапкандардын сөөгү.
Хулада каза тапкандардын сөөгү.
Сирия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад ал-Макдиссинин ырастоосунда, Хуладагы кан төгүү үчүн “террорчулар” жоопкер жана расмий Дамаск муну иликтейт. Жума жана ишемби күнү борбордук Хомс провинциясындагы Хула деген шаарды аткылоодон 92 адамдын, анын ичинде 32 жаш баланын өмүрү кыйылган.

Араб жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Хула шаарындагы кан төгүүнү “кыргын” деп аташты.

БУУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, генерал-майор Роберт Муд Дамасктан кабарчыларга буларды айтты:

- Бейкүнөө 32 баланын, көптөгөн эркектер менен аялдардын, өзгөчө балдардын өлүмү - ким баштаганына, ким жооп бергенине, ким кол кабыш кылганына карабай келишүүгө болбой турган кол салуу. Бул - Сирия элинин келечегине жана мүдөөсүнө урулган сокку.

Сирия армиясы шаарды аткылаган учурда БУУнун байкоочуларынын ал аймакка кирүүсүнө жол берилген эмес. Соңку кан төгүүгө байланыштуу эл аралык коомчулуктан айтылган айыптоолорго карабай, өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын турумдарын аткылоону жекшембиде да улантты.

Улуттар уюмунун башкатчысы Пан Ги Мун, БУУ менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннан Сирия армиясы оор куралдарды колдонууну жана кыянатчылыктарды токтотуусу керектигин белгилешти.

Эркин Сирия армиясынын согушкерлеринин жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, эл аралык коомчулук Сирия бийлигине каршы конкреттүү чара көрмөйүнчө алар мындан ары БУУ колдогон тынчтык планына байланышпайт.

Бул аралыкта Ирактын коопсуздук күчтөрү Сирия армиясы менен козголоңчулардын чек арага жакын жердеги кагылышынан улам жекшембиде күжүрмөн даярдыкка келтирилди. (UE)

XS
SM
MD
LG