Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Катар мамлекети менен кызматташтык талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстан менен Катардын ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкууга алат. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, макулдашуунун күңгөй-тескейи тууралуу экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев маалымат берет.

Март айынын башында Катар мамлекети кен иштетүү, эл аралык аба каттамдарды ачуу багытында Кыргызстан менен кызматташууга даярдыгын билдирген. Кыргыз премьери Өмүрбек Бабановдун Катарга сапарында кыргыз-катар биргелешкен инвестициялык кор түзүү маселеси каралган жана бир катар макулдашууларга кол коюлган. (KKs)

XS
SM
MD
LG