Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Оштун макамы жөнүндө мыйзам долбоору даярдалды


Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын демилгеси менен “Ош шаарынын макамы” жөнүндө жаңы мыйзам даярдалды. Демилгечи депутаттардын бири Айнуру Алтыбаеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, буга чейин Ош шаардык мэриясынын, шаардык кеңешинин иши жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө мыйзам менен аныкталып келсе, эми Ош шаары өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат. Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоор мамлекеттик маанидеги экинчи шаар саналган Ошту башкарууну жакшыртуу, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталган:

"Ош шаарынын өзүнүн макамы бар. Конституцияга ылайык, бул мамлекеттик маанидеги шаар болуп эсептелет. Бирок Оштун шаардык кеңеши кандай түзүлөт, мэриянын укуктары, мэрдин укуктары , ушулардын баардыгы мыйзамда белгиленди", - деди Алтыбаева.

Бул мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитетинин жыйынында талкууга алынат. Долбоор бир катар комитеттерде каралгандан кийин парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Демилгечи депутаттардын билдирүүсүнө караганда, жакын арада Бишкек шаарынын макамы тууралуу да мыйзам долбоору иштелип чыкмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG