Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Олимпиадага барчуларды каттоо уланууда


Улуу Британиянын элчилигинин кызматкерлери Лондон олимпиадасына катыша турган кыргызстандыктарды каттоо ишин улантууда. Бүгүн алар Улуттук олимпиада комитетине келип Кыргызстандын курама командасына виза ачуу үчүн документтерди даярдап жатат.

Июлдун 27синде баштала турган Лондон олимпиадасына 12 кыргызстандык спортчу лицензия алган. Алар менен кошо машыктыруучулары жана Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү да барат. Кыргыз журналисттеринин арасынан олимпиаданы чагылдыруу үчүн бир гана кабарчы - "Азаттыктын" спорт баяндамачысы Кабыл Макеш баратат. (KM/RK)

XS
SM
MD
LG