Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

АКШнын пилотсуз учактары Түндүк Вазиристанга дагы сокку урду


АКШнын пилотсуз учагы Пакистандын түндүк-батышындагы Ооганстанга чек аралаш уруулардын башкаруусундагы аймакка урган соккудан согушчан деп шектелген сегиз адам өлдү. Пакистандын коопсуздук кызматтарынын билдиришинче, өткөн түнү пилотсуз учактар Түндүк Вазирстандын Мир Али шаарчасына беш ирет сокку урган. Бул аймакта талибдер менен “ал-Каидага” жамаатташ согушчандар үстөмдүк кылат.

Радикалдуу “Хаккани” уюмунун бул аймактагы желдеттери Ооганстанга тынбай жортуулга чыгып турганы айтылып жүрөт. Пакистан бийликтеринин маалымдашынча, акыркы беш күндө АКШнын пилотсуз учактары Түндүк Вазиристанга төртүнчү жолу чабуул жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG