Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Жаңы-Өзөн окуясына байланыштуу 5 полициячы соттолду


Былтыр декабрда Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу тополоңго байланыштуу полициянын беш кызматкери беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылды. Соттолгондордун үчөө Мангыстау облустук полициясынын жетекчилери. Аларды сот кызмат абалын натуура пайдаланган деп тапты. Мунайчылар шаарындагы жумушчулардын иш таштоосун басуу учурунда полиция аткан октон 16 киши өлгөн. Тополоңдо камалган адамдардын бири түрмөдө бейажал өлгөнгө байланыштуу 17- майда абакжайдын күзөтчүсү беш жылга кесилди. Азыр Жаңы-Өзөн чатагына тиешеси бар деп шектелген дагы 37 адамдын үстүнөн сот жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG