Кечээги өрттө күйүп кеткендердин 13ү – жаш балдар. Доханын батышындагы Villagio Mall деп аталган ири дүкөндүн айланасын өрт өчүргүчтөр менен полиция курчоого алды. Андагы адамдар башка жакка чыгарылышты. Азырынча өрткө эмне себеп болгону белгисиз. 2006-жылы ачылган дүкөн өзүнчө мейманкана жана балдар ойной турган парк менен кошо ири комплекс катары курулган болчу.