Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Орусияда кыздарды кордогон топтун мүчөлөрү аныкталды


Орусияда мигрант кыздарды жылаңачтап алып, ур-токмокко алган “Патриот” тобунун жети мүчөсү Жалал-Абаддан келгени, алар уюшма-кылмыштуу топтун өкүлдөрү экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы кыргыз элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев билдирди. Азырынча тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн шектүү адамдардын аты-жөнү жарыялана элек. Бирок балдардын дээрлик баары Кыргызстанга качып кеткендиктен, Орусия аларды кармоо өтүнүчүн Кыргызстанга жөнөттү. Маалыматка ылайык, бул топтун мүчөлөрүнө адам уурдоо, сабоо фактылары боюнча кылмыш иши козголгон. (BuS/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG