Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Британия радикал динаятчыны күрөө акчага түрмөдөн бошотуудан баш тартты


Абу Катада
Абу Катада
Дүйшөмбүдө Британиядагы иммиграциялык сот радикал динаятчы Абу Катаданы “Лондон Олимпиадасы учурунда коркунуч туудурушу мүмкүн” деп түрмөдөн күрөө акча менен бошотуудан баш тартты.

Абу Катада азыр катуу көзөмөлдөнгөн өзгөчө режимдеги түрмөдө кармалып турат. Ошол эле маалда ал Иорданияга өткөрүлүп берилиши да мүмкүн. Ал жакта Катада терроризм боюнча айыпталууда. Бирок динаятчы Британияда дагы кеминде беш ай кармалаары айтылууда.

Сот Жон Миттинг билдиргендей, анын депортациясы боюнча аппеляциялык угуу 10-октябрга белгиленди, чечим андан бир айдан кийин гана чыгарылат. 51 жаштагы Абу Катада Иорданияда бир нече террор чабуулдарына тийиштиги бар деп 1998-жылы сыртынан соттолгон.

XS
SM
MD
LG