Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

АКШ: Республикалык партиянын талапкери позициясын расмий бекемдейт


Бүгүн Техас штатындагы баштапкы шайлоодо же праймеризде жеңип чыгары күтүлгөн Митт Ромни Республикалык партиядан президенттикке талапкер болуу укугун расмий бекемдемекчи. Партиянын августагы курултайында талапкерликке расмий бекитилүү үчүн 1144 делегаттын добушу зарыл. Бүгүн праймериз өтүүчү Техас штатына 155 добуш таандык.

Кабарларга караганда, бул штатта республикачыл атаандаштарынан анчалык коркунуч жок Ромни добуштардын баарын албаса деле талап кылынган делегаттар санын топтой алат.

Техастагы праймеризге чейин анын республикачыл атаандаштарынын көпчүлүгү жарыштан чыгып кеткен.

Массачусетс штатынын мурдагы губернатору жана ишкер Митт Ромни президенттикке талапкер болуу укугуна экинчи аракеттен жетип олтурат. Ал жарышка 2008-жылы да түшүп, бирок ийгилик тапкан эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG