Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

БУУ жана Араб лигасынын чабарманы Сирияда жүрөт


Кофи Аннандын Сирия президенти Башар Асад менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрү өлкөдөгү соңку кан төгүүгө байланыштуу эл аралык коомчулуктун тынчсыздануусу күчөгөн учурга туш келди.

25-майда Хула деген шаарда 108 киши, көбүнесе аялдар менен балдар каза тапкан.

Эл аралык коомчулук бул окуяны “кыргын” деп мүнөздөсө, расмий Дамаск ал үчүн жоопкерчиликти оппозиция согушкерлерине жүктөдү.

Кофи Аннан Сирия президенти менен жолугар алдында ал олуттуу сүйлөшүү жүргүзөрүн айткан:

- Тынчтык жөнүндө кайрылуу өкмөткө эле эмес, баарына, куралчан ар бир адамга багытталган. Алты пункттан турган план толугу менен ишке ашырылышы керек, азыр бул нерсе болгон жок.

Расмий Дамаск Аннандын планына ылайык, оор куралдарды эл жашаган аймактардан планда көрсөтүлгөн мөөнөт - 12-апрелге чейин эле чыгарып кеткенин айтса, аналитиктердин пикиринде, Хула, Хама жана сунниттер үстөмдүк кылган башка аймактардын аткылануусу режимдин ырастоолорун төгүндөөдө.

Мурда Сирияга каршы чара көрүү аракеттерине такай тоскоолдук кылып келген Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия армиясынын Хулада танктарды жана артиллерияны пайдаланышын айыптаган билдирүүсүн колдоду.
(UE)

XS
SM
MD
LG