Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Украина британ маалымат каражаттарын айыптады


Европанын быйылкы футбол чемпионатынын конок ээлеринин бири – Украинанын Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, Британиянын маалымат каражаттары бул маанилүү окуя алдында өлкөнүн беделине көлөкө түшүрүүдө.

Кечээ Би-Би-Синин “Панорама” аттуу берүүсүндө сүйлөгөн учурунда, Британиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы ындыкара оюнчусу Сол Кэмпбэлл британ күйөрмандарына зордук-зомбулук жана ашынган улутчулдук көрүнүштөрүнөн улам Европанын футбол чемпионатынын Украинадагы бөлүгүнө барбоону эскерткен.

Польша менен Украинадагы футбол күйөрмандардын жосунсуз жоруктарын документтештирген программада, алардын стадиондо нацисттердин учурашуу жөрөлгөсүн туураганы, ынды кара оюнчуларды маймылча үн салып, шылдыңдагандары тартылган.

Украин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Олег Волошин расизм жөнүндө айыптар ойдон чыгарылгандыгын, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн расизм менен байланышкан проблемалары Украинаныкынан алда канча көптүгүн белгиледи.

Европанын төрт жылда бир өтүүчү футбол чемпионатын быйыл Украина менен Польша тосот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG