Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Китеп искусствосу боюнча сынак жыйынтыкталды


КМШ мамлекеттери үчүн жыл сайын өткөрүлүп келаткан "Китеп искусствосу" сынагынын быйылкы жыйынтыгы чыкты. Кыргызстандан катышкан Абдыжапар Нурдиновдун "Чет өлкөдөгү мекендештер" китебине "Шериктештик" номинациясында 3-даражадагы диплому ыйгарылды. Ал эми Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору чыгарган "Кыргызстандын энциклопедиясы" "Менин өлкөм" номинациясында 3-даражадагы дипломго татыктуу аталды.

Ал эми баш байге Беларус жана Казакстанга тийди. Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты быйыл күзүндө Москвада өтөт. Быйыл бул сынак тогузунчу жолу уюштурулду. Бул маалымат Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Эркин Каимовдон алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG