Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Италияда зилзала 17 кишинин өмүрүн алып кетти


Италияда жер титирөөнүн курмандыктары 17 кишиге жетти. Эмилия-Романья аймагындагы урандылардын астынан дайынсыз жоголуп жаткан жумушчунун сөөгү табылды. Шейшембиде өлкөнүн түндүк-чыгышында болгон зилзаладан 350дөй киши жабыркады. Күчү 5,8 баллга жеткен силкинүүдөн 20-майдагы жер титирөөдө жаракка кеткен имараттар урап калды. Алардын арасында тарыхый-маданий жактан баалуу чиркөө, байыркы курулуштар бар. Үстүбүздөгү айда болгон зилзалалардан, расмий маалыматка караганда, 14 миңдей киши үй-жайсыз калды.

XS
SM
MD
LG