Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Жапония менен Түркия Сириянын дипломаттарын чыгарууда


Түркия жана Жапония сириялык дипломаттарды өз өлкөлөрүнөн чыгарып жатканын жарыялашты. 25-майда Сириянын Хула шаарында 108 жайкын тургун аткылоодон набыт кеткенден кийин АКШ жана Батыштын бир катар өлкөлөрү Сириянын элчилерин чыгарып жиберишкен. Расмий Токио Сириянын элчисинен Жапониянын аймагынан “мүмкүн болушунча тезирээк” кетүүнү талап кылды. Түркия болсо сириялык дипломаттарга чыгып кетүү үчүн 72 саат берди. Анкаранын айтымында, Хуладагы кыргын жоопсуз калбайт, андайды тынч карап отурууга болбойт. Ал аралыкта Сириянын мамлекеттик телеканалы голландиялык дипломатка 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG