Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

БУУ: Ооганстанда окко учкан жайкын тургундардын саны азайды


БУУнун маалыматына ылайык, Ооганстанда ушул жылдын алгачкы 4 айында согуштук аракеттерден улам набыт кеткен жайкын тургундардын саны былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтү менен салыштырганда 21 процентке азайды. БУУнун Ооганстандагы атайын өкүлү Ян Кубиш курман болгон 10 карапайым адамдын сегизи талиптер же антиөкмөттүк башка күчтөрдүн колунан ажал табышаарын билдирди. Калган өлүмдөрдүн артында жергиликтүү армия жана НАТО аскерлери, же белгисиз себептер турат.

Ооган президенти Хамид Карзай НАТОнун аба соккуларынан бейкүнөө адамдар өлүп жатканын катуу сындап келатат.

XS
SM
MD
LG